Убакыт – бул акыл эмгек кызматкеринин капиталы. О.Бальзак
Universal Business Report
(0312)98 68 66

Колдонмолор

Электрондук санариптик кол тамга менен иштөө үчүн программалык камсыздоо орнотуу боюнча колдонмо.

«RuToken ЭЦП» түзүлүшүн колдонууда, ЭСКТ менен ар түрдүу системалар туура иштөө үчүн Сизге төмөнкүлөр керек:

  • Chrome, Mozilla FireFox, Yandex браузерлеринин акыркы версиялары
  • Орнотулган «RuToken ЭЦП» плагини бул жерден жүктөө

Тийиштүу плагиндерди жүктөгөндөн кийин, жүктөлгөн тиркемени иштетиңиз. (Көңүл буруңуз: бул иш-аракет Сиздин компьютердеги Администратордук укукту талап кылат)

«Далее» баскычын басыңыз

Системанын компоненттери текшерилгенден кийин, тиркемени орнотуу сунушталат. «Установить» баскычын басыңыз.

Орнотуунун аякташын күтүңүз.

Орнотуу ийгиликтүү аяктагандан кийин, «Готово» баскычын басыңыз.

RuToken ЭЦП драйверин орнотуу («RuToken ЭЦП» ачкычында сакталган маалыматты башкаруу үчүн керек, б.а. «Колдонуучунун» же «Администратордун» ПИН кодун алмаштыруу. Эгер анын зарылдыгы болбосо – бул программалык камсыздоону орнотуунун КЕРЕГИ ЖОК).Бул жерден жүктөөгө болот. (64 бит жана 32 бит көлөмүндөгү 2 версиясы бар)

 

(Сиздин компьютериңиздин операциялык системасы кандай экенин билүү үчүн «Мой компьютер» белгисин басыңыз, оң баскычты басып, «Свойства» бөлүгүн тандаңыз. Ачылган терезеден «Тип системы» бөлүгүн табыңыз). Жүктөлгөн тиркемени иштетиңиз. (Көңүл буруңуз: бул иш-аракет Сиздин компьютердеги Администратордук укукту талап кылат).

«Далее» баскычын басыңыз. Системанын компоненттери текшерилгенден кийин, тиркемени орнотуу сунушталат. «Установить» баскычын басыңыз.

Орнотуунун аякташын күтүңүз.

Орнотуу ийгиликтүү аяктагандан кийин, «Готово» баскычын басыңыз.

 

«Войти» баскычын басыңыз.