Убакыт – бул акыл эмгек кызматкеринин капиталы. О.Бальзак
Universal Business Report
(0312)98 68 66

Суроо-жооп

Кызыктырган суроолоруңуздун жообун бул бөлүмдөн тапсаңыз же 0312 98 68 66 телефону аркылуу байланышып, сурасаңыз болот.

Токендерди почта аркылуу салган учурда, кайсы жерге жеткиришет?

Токендердин жеткирилиши Кыргызпочтасы аркылуу, уюмдун Жетекчисинин атына, маалымдоосу бар баалуу кат менен жүргүзүлөт.

ГКЭД номери деген эмне?

ГКЭД – бул ишмердүүлүк түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору. Юстиция Министрлигинин сайтындагы «Юридикалык жактардын берилмелеринин базасы» бөлүмүнө кирип, аны тактап алсаңыз болот.

Жетекчи менен бухгалтердин пин коду деген эмне?

Жетекчи менен Бухгалтердин пин коду – Сиздердин ЭСКТларды колдонуу үчүн Сиздин паролуңуз. ЭСКТ аркылуу системага кирүү үчүн, ар бир паролго 6 сан аныктап, аны пин код катары колдоносуз.

Социалдык фондко салык төлөөчүнүн маалымдамасы деген эмне?

Бул маалымдама Социалдык фонддо социалдык төгүмдөрдүн төлөөчүсү катары катталган юридикалык жактарга жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге берилет. Аны жоготуп алган учурда – катталган Социалдык фонддун райондук бөлүмүнөн көчүрмөсүн алсаңыз болот.

1.ЭСКТ блоктолуп калды, эмне кылуу керек?

2.Соц.фонддун сайтына кирүүдө “поиск устройства” көрүнгөн жок?

3.“Сиздин ЭСКТ даярдалган жок” жазуусу чыкканда эмне кылуу керек?

Өзүңүздүн берилмелериңизди жана Жетекчинин берилмелерин (же Бухгалтердин берилмелерин – кайсы ЭСКТ блоктолгонуна жараша) билдириңиз. Биз буйрутма түзүп, биздин техникалык адистер себептерин текшергенден кийин – Сизге жооп беребиз.

ЭСКТны региондордо сатып алса болобу?

Сиз ЭСКТны сайтта алдын ала катталуу жолу менен же «ЮБР» компаниясынын Бишкек жана Ош шаарларындагы катталуу жерлеринен алсаңыз болот.

Сиздердин кызматтарды кайсы банк аркылуу төлөөгө болот?

Биздин кызматтарга Сиздин банкыңыз аркылуу биздин эсептешүү эсепке, РСК банкы аркылуу (Сиз жеке адам катары төлөм жүргүзсөңүз – төлөм багытталган уюмдун аталышын көрсөтүүнүз зарыл).төлөсөңүз болот. Төлөмдү «Мобильник» компаниясынын терминалдары аркылуу жүргүзүү да мүмкүн, бирок төлөө эсебин алууга чейин, терминал аркылуу төлөөрүңүздү эскертишиңиз керек.

Казначылыктагы төлөм жүргүзүлүүчу берененин номери?

22122900

ЭСКТ алуучу ишеним кат нотариалдык күбөлөндүрүүдөн өтүшү керекпи?

Ишеним кат уюмдун жетекчисинин жеке колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.

«Электрондук документ алмашуу» деген эмне?

Электрондук документ алмашуу – бул Интернет тармагы аркылуу атайын иштелип чыккан электрондук системанын жардамы менен жүргүзүлгөн документтерди алмашуу жолу. Электрондук документ алмашуу системасын ири жана кичи компаниялар, ошондой эле жеке адамдар, компания ичинде кызматкерлерге жана сырткы контрагенттерге маалымат жөнөтүу максатында колдонушат. Электрондук кол тамга Интернет аркылуу маалымат каттары менен алмашуу үчүн гана эмес, юридикалык күчкө ээ болгон документтерди: келишимдер, акттар, счет-фактуралар ж.б. жөнөтүүгө да керек. Мындай документ алмашууну уюштуруу үчүн электрондук кол тамганын каалаган түрүн колдонсо болот: баары колдонуучунун алдыга койгон максатынан, жана ошондой эле электрондук алмашуунун башка катышуучулары менен макулдашууга байланыштуу болот.

«Электрондук кол тамга» деген эмне?

Электрондук кол тамга (ЭКТ), Электрондук санариптик кол тамга (ЭСКТ) – кол тамганын жабык ачкычын колдонуу менен маалыматты криптографиялык өзгөртүүнүн натыйжасында келип чыккан жана кол тамга түзүлгөн мезгилден электрондук документтеги маалымат бурмаланбагандыгын (бүтүмдүгүн), кол тамга ачкыч сертификатынын ээсине таандык экенин (авторлугун), ал эми ийгиликтүу текшерилгенден кийин электрондук документке кол коюлган фактысын (баш тартпастык) текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген электрондук документтин реквизити. Кыргыз Республикасында уруксат берилген электрондук кол тамганын түрлөрү КР «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга жөнүндө» Мыйзамы (№ 92 2004-ж, 17-июлунан) менен электрондук кол тамганын үч түрү аныкталган.

Электрондук кол тамга менен кагаздагы жеке кол тамганын маанилүүлүгу бирдейби?

Ооба, тең маанилүү. Бул Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен далилденет, тагыраак айтканда – КР «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга жөнүндө» Мыйзамы (№ 92 2004-ж, 17-июлунан)http://www.sti.gov.kg/e-declaration/zakon-ecp

Электрондук кол тамга кайсы жерде колдонулат?

Электрондук кол тамга электрондук документ алмашууда жана электрондук отчеттуулукта колдонулат. Электрондук кол тамга менен бийликтин көзөмөлдөөчү органдарына отчет тапшыруу процесси кыйла жөнөкөй болуп калды. Салык кызматына, пенсиялык фондко жана башка органдарга тапшырылуучу кварталдык отчетторду азыр электрондук бланктарда толтуруп, электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүп, Интернет аркылуу жөнөтүү мүмкүн. Электрондук отчеттуулук системасы иш убактысын кыйла үнөмдөп, берилмелердин конфиденциалдуулугуна кепилдик берет, аны менен бирге отчетту каталарга текшергени – талашсыз артыкчылыгы болуп эсептелет. Отчет тапшыруу үчүн квалификациялык электрондук кол тамга керек.

Квалификациялык кол тамганын квалификацияланбагандан айырмасы эмнеде?

Квалификацияланган кол тамга (КЭЦП) – бул кол тамганын мүмкүнчүлүктөрү квалификацияланбаган сыяктуу эле, бирок өзгөчөлүгү бар – квалификацияланган кол тамга менен иштөөчу программалык камсыздоо КР УКМК (ГКНБ КР) тарабынан бекитилген; текшерүү ачкычынын сертификаты каалаган КБ тарабынана эмес, аккредитацияланган же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан гана берилет; ЭСКТны түзүү жана текшерүү үчун электрондук кол тамганын каалаган каражаттары эмес, КР «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга жөнүндө» Мыйзамынын (№ 92 2004-ж, 17-июлунан) талаптарына жооп бергендер гана колдонулат. Натыйжада, квалификацияланган электрондук кол тамга ишенимдүүрөөк жана укуксуз колдонуудан корголуу деңгээли жогорураак болуп эсептелет. Андыктан, квалификацияланган электрондук кол тамга документтерди толук юридикалык күчкө ээ кылып, конфиденциалдык маалыматты коргоонун бардык талаптарына жооп берет. КЭСКТ мамлекеттик бийликтин көзөмөлдөөчу органдарына отчет тапшыруу жана электрондук тооруктарга катышуу үчүн колдонулат. Квалификацияланбаган электрондук кол тамга (НЭЦП) – кол коюлган документтин авторун аныктоого жана андагы маалыматтын өзгөрүлбөгөнүн далилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Квалификацияланбаган кол тамгага, документтин коопсуздугун камсыздаган, криптографиялык алгоритмдер киргизилет. Мындай кол тамга ички документ алмашууга, ошондой эле электрондук документти бир компаниядан экинчисине жөнөтүүгө жарайт. Компаниялар электрондук документтер менен алмашуу үчүн, электрондук кол тамгаларды колдонуу жана кабыл алуу тартиптерин бекиткен, өз ара макулдашуу түзүшү зарыл.

Жөнөкөй электрондук кол тамга (ПЭЦП)

Документ алмашууга багытталат, авторлукту далилдөөгө мүмкүнчүлүк берет, бирок документке кол коюлгандан кийин анын өзгөрүлбөгөнүнө кепилдик бере албайт жана юридикалык күчкө ээлигин камсыздабайт. Жөнөкөй электрондук кол тамга Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталына кирүү мүмкүнчүлүгү катары колдонулат.

Электрондук кол тамганы жайгаштырууга кандай түзүлүштөрү бар?

Күбөлөндүрүүчү борборлор электрондук кол тамганы, ФСТЭК жана Россия ФСБ тарабынан сертификацияланган жана КР УКМК (ГКНБ КР) тарабынан колдонууга бекитилген, атайын сактоочу түзүлүштөргө (алар - токендер) жаздыруу менен гана берүүгө милдеттүү. Токендер USB-токендерге жана смарт-карталарга бөлүнөт. USB-токендин сырткы көрүнүшү стандарттуу USB-түзүлүшүндөй (флешка) болуп, USB-тутумуна кошулат.

Токен деген эмне?

Токен – персоналдык берилмелерди сактоонун мамлекет аралык стандарттардын бардык талаптарына туура келген, өзүнөн маалыматты жүктөөгө мүмкүндүк бербеген, корголгон түзүлүш (флешка). Ошондой эле, токенди сатып алууда, система менен иштөө үчүн кошумча программалык камсыздоо драйверин орнотуу зарылдыгы бар. Токендерди USB-тутуму жок түзүлүштөрдө (планшет, смартфон, мобилдик телефон, ж.б.) колдонуу мүмкүн эмес. Токендин кепилденген кызмат мөөнөтү 3-5 жылды түзөт же болжолу 500 миң кошулууга эсептелген.

Эгер электрондук кол тамганын колдонуу мөөнөтү аяктап калса эмне кылуу керек?

Эгер Сиз электрондук кол тамгаңыздын мөөнөтү аяктагандан кийин да аны колдонууну уланткыңыз келсе, анда кайра чыгаруу процедурасын өтүүңүз керек. Иш-аракетердин ирээти менен ЭСКТны кайра чыгаруу баасы, биринчи алганыңыздай элеhttp://ubr.kg/index.php/connection/.

ЭСКТны чыгаруу/кайра чыгаруу үчүн арыздын бланкын кайдан алса болот?

Арыздын бланкын «ЮБР» ЖЧКнун катталуу жерлеринин каалаганынан алмаңыз болот http://ubr.kg/index.php/contact/

ЭСКТны курьер же почта аркылуу алса болобу?

Жок, кол тамга арыз берүүчүнүн жеке өзүнө «ЮБР» ЖЧКнун катталуу жерлеринен берилет. Ал бардык тийиштүү документтердин оригиналын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тапшыруусу керек. «ЮБР» ЖЧКнун адистери КР «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга жөнүндө» Мыйзамынын (№ 92 2004-ж, 17-июлунан) талаптарына ылайык тапшырылган документтерди текшерип, арыз берүүчүнү аныктоого милдеттүү.

Бир адам бир нече кол тамга алууга мүмкүнбү?

Ооба, бир адам бир нече ЭСКТ алуусу мүмкүн.

ЭСКТ канча убакытка берилет жана ал тартип кандай бекитилген?

КР «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга жөнүндө» Мыйзамына (№ 92 2004-ж, 17-июлунан) ылайыктуу арыз берүүчүлөргө даярдалып берилген электрондук кол тамгаларды текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын колдонуу мөөнөттөрүн Күбөлөндүрүүчу борбор бекитет. Ачкычтын жана электрондук кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонуу мөөнөтү тийиштүү электрондук кол тамга каражатын колдонуу документациясы менен бекитилген максималдуу мөөнөтүнөн узак болбошу керек.

ЭСКТнын абонентттик төлөмү барбы?

Жок, абоненттик төлөм каралган эмес. Сиз электрондук кол тамганы чыгарууга гана төлөйсүз.

ЭСКТнын төлөмү кандай шарттарда кайтарылат?

Эгер ЭСКТ кардарга даярдалып берилсе, анын төлөмү кайтарылбайт, анткени ачкычты даярдоо жана ЭСКТны түзүү кызматы көрсөтүлгөн.

ЭСКТны башка кызматкерге каттаса болобу?

Электрондук кол тамганы жаңы кызматкерге каттоо үчүн: буга чейин катталган кызматкердин ЭСКТсын чакыртуу, андан кийин жаңы кызматкерге ЭСКТ сертификатын алуу боюнча буйрутма түзүү керек. Жаңы сертификат алуу процедурасы толугу менен биринчи алуудай.

ЭСКТ чыгаруу буйрутмасын жокко чыгарса болобу?

Электрондук кол тамга алуудан баш тартуу үчүн 0312 986866 телефону аркылуу биз менен байланышып же info@ubr.kg почтасына кат жөнөтүп, Сиздин компанияңыздын ИННин жана жашыруун сөздү атоо керек. Байланышуудан же кат келгенден кийин бир сааттын ичинде буйрутма жокко чыгарылат.

ЭСКТны отчет тапшырууга эмес, документтерге кол коюуга сатып алуу мүмкүнбү?

Ооба, мүмкүн.

Электрондук санариптик кол тамганы кайра чыгаруу кандай учурларда талап кылынат?

ЭСКТнын мөөнөтү аяктай электе кайра чыгарууну талап кылган жагдайлар төмөндө көрсөтүлгөн:

  • Юридикалык жактын же электрондук кол тамга ээсинин реквизиттери өзгөрүлгөндө;
  • Электрондук кол тамга жазылган сертификацияланган тузүлүш жарактан чыкканда;
  • Электрондук кол тамга жазылган сертификацияланган түзүлүш форматталганда;
  • Сертификацияланган түзүлүштүн жоголушунда;
  • Электрондук кол тамга компрометацияланганда.

Эгер Сиз жогоруда аталган жагдайлардын бирине кабылсаңыз, тез арада Күбөлөндүрүүчу борбор менен 0312 986 866 телефону аркылуу байланышуу зарыл. Күбөлөндүрүүчү борбордун адиси кол тамга сертификатынын токтоосуз чакыртылышы боюнча чара көрүп, кол тамганы кайра чыгаруу боюнча Сизге кеңеш берет. Чакыртуу процедурасы, адатта, бир сутканын ичинде аяктайт. Кайра чыгаруудагы иш-аракеттердин ирээти, электрондук кол тамганы биринчи алуудагыдай. Биздин порталдагы буйрутманы толтурасыз, Күбөлөндүрүүчү борбордун адими Сиз менен байланышып, кийинки иш-аракеттериңиз боюнча кеңеш берет.

Электрондук кол тамга менен иштөө үчүн компьютерге системалык талаптар барбы?

Электрондук кол тамга корректтүү иштөө үчүн минималдуу системалык талаптар:

  • Процессор – 2000 МГц;
  • Оперативдүү эстутум – 512 Мбайт;
  • Microsoft Windows түрүнүн операциялык системасы;
  • Интернет өткөрүү жөндөмү – 512 кбит/сек;
  • Орнотулган интернет-браузер (Chrome, Mozilla Firefox, Yandex браузерлери);
  • USB-тутум;
  • Орнотулган Рутокен плагин жана Драйвер Рутокен 64 bit же 32 bit;

Эгер Сиздин компьютердин параметрлери жогоруда аталгандарга туура келбесе, чалуу борборунун 0312  98 68 66 телефонуна кайрылыңыз. Адистер абалды оңдоо боюнча Сизге кеңештерин беришет.